Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

CPJ тажик бийлигин журналист Ахмад Иброхимди бошотууга чакырды


Ахмад Иброхим
Ахмад Иброхим

Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Тажикстан бийлигин журналист Ахмад Иброхимди бошотууга чакырды.

Хатлон облусундагы жападан жалгыз көз карандысыз "Пайк" гезитинин негиздөөчүсү жана башкы редактору эки жумадан бери камакта отурат. Бул тууралуу “Озоди” радиосу жазды.

Эл аралык уюмдун аймактык координатору Гүлноза Саид: “Иброхимдин кармалышы Тажикстандын репрессивдүү медиа чөйрөсүндө сынчыл журналистика канчалык кооптуу экенин дагы бир жолу эске салды”, - деп билдирди.

Ага чейин журналистти бошотууну тажиктердин чет өлкөдөгү оппозициялык эки уюму талап кылган.

Расмий органдар Иброхимдин кармалышы тууралуу маалымат берген эмес, анын жакындары пресса менен сүйлөшүүдөн баш тартууда.

"Озоди" радиосунун тартип коргоо тузүмдөрүндөгү булактары маалымдагандай, “Кулябдын прокуратурасы Иброхим гезиттин каттоосун узартуу үчүн мамлекеттик кызматкерге акча сунуш кылган деп, анын үстүнөн пара берүү беренеси менен иш козгоду”.

Журналисттин досторунун бири "Иброхим атайылап пландалган иштен жабыркады" деп айтты. Анын дагы бир жакын адамы "ачык сынга кабылган жергиликтүү аткаминерлер андан өч алды" деп боолголойт.

"Озоди" 62 жаштагы журналист оппозиция менен бийлик отросундагы талашта көбүнчө өкмөт тарапты жактап келгени менен, өз материалдарында айрым мекеме, министрликтердин, Хатлон облусунун жетекчилерин сындаганын белгилейт.

Акыркы эки жылда 8 журналист жана блогер кесилген Тажикстанды эл аралык уюмдар “журналисттердин абагы” деп аташат.

Ал эми бийлик алар экстремисттик жана башка мүнөздөгү кылмыштар үчүн айыпталганын айтууда. Журналисттер менен блогерлер "бийликти сындаганы үчүн куугунтукка учурадык" деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG