Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:01

Ысык-Көлдө Зындан көлү жырылып, тургундар эвакуацияланууда


Зындан көлүнөн агып жаткан суу. ӨКМ тараткан видеодон алынган скриншот.
Зындан көлүнөн агып жаткан суу. ӨКМ тараткан видеодон алынган скриншот.

21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Б.Мамбетов айыл аймагына тиешелүү Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралгандыгы тууралуу маалымат түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Адам өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында Тоң райондук №38 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жеринде иш алып барууда.

Куткаруучулар Күн-Чыгыш айыл аймагындагы Балык завод тилкесинин жана Туура-Суу айылынын жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялоону жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эскертип, суунун нугун буруу иштерине чыгып кетишкен.

Туура-Суу гидропостунун маалыматы боюнча бийик тоолуу Зындан көлү жырылып, суунун көлөмү көбөйгөн. Аталган гидропосттун кызматкери көлдүн жырылуусун тактагандыгы аныкталган.

ӨКМ маалымдагандай, саат 19:45ке карата Туура-Суу айылынын 90 жашоочусу жана Балык завод тилкесинен 70 адам жакынкы Эшперов жана Ак-Сай айылдарына көчүрүлүп, убактылуу жайгаштырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кошумча маалымат берилерин билдирди.

18-августтун кечинде жана 19-августка караган түнү Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорундагы айыл-кыштактарда катуу жаан жаап, бир нече жерлерде сел жүрдү. Турак жайларды суу каптап, бир катар жолдор жабылган.

Учурдагы маалыматтарга ылайык, Ысык-Көл районунда 497 турак үй, 3 социалдык мекеме (1 бала бакча, 1 ФАП, 1 китепкана) эс алуу жайлары жабыркаган. "Аврора", "Аврора плюс", "Карвен" эс алуучу жайларынын, "Нептун", "Семиран" пансионаттырынын короолорун суу каптап, Балыкчы-Каракол жолунун 97-чакырымын сел баскан.

Ысык-Көл районунда жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондорунун администрациялары күчөтүлгөн режимде иштеп жаткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG