Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Курскиде муниципалдык шайлоо башка мөөнөткө которулду


Курск облусунун Суджа району. Орусия, 16-август, 2024-жыл
Курск облусунун Суджа району. Орусия, 16-август, 2024-жыл

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кармаш жүрүп жаткан Курск облусунун жети муниципалитетине депутаттарды шайлоону башка убакытка которду. Бирок шайлоонун жаңы датасы такталган жок.

Буга чейин “Верстка” басылмасы өз булактарына таянып, БШК шайлоону “аймактагы белгисиздиктен улам” 2025-жылга которууну пландаганын жазган.

Ал эми облус губернаторун шайлоо өз мөөнөтүндө өткөрүлмөкчү. 20-августта аймактык шайлоо комиссиясы 28-августтан тартып эрте добуш берүүгө уруксат берген.

Жарышка катышып жаткан губернатордун милдетин аткаруучу Алексей Смирнов шайлоо "абдан татаал кырдаалда өтөрүн", добуш берүүчулөрдүн колдоосу "мурда болуп көрбөгөндөй керек болуп жатканын" жазды.

Украин армиясы Орусиянын чек арадагы Курск облусуна 6-августта кирген. Соңку маалымат боюнча, украиндер кеминде 92 калктуу пунктту ээлеп турат.

Региондо федералдык деңгээлдеги чукул кырдаал жарыяланган. Калк эвакуацияланып жатат. Расмий маалыматка караганда, чабуул маалында карапайым 31 киши каза тапты, 143ү жабыркады.

Киев бул операциясын өзүн коргоо үчүн буфердик зона түзүү аракети деп атоодо.

XS
SM
MD
LG