Бүбүйра Кыдыралиеванын сөөгү Бир-Булак айылында жерге берилди

Бүбүйра Кыдыралиева менен коштошуу зыйнаты. 15-август, 2024-жыл.

Сталиндик репрессияда атылгандар көмүлгөн жерди көрсөтүп берген Бүбүйра Кыдыралиеванын сөөгү 15-августта Чүйдүн Бир-Булак айылында жерге берилди. Маркум менен коштошуу зыйнатына бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, замандаштары, жакындары катышты.

Бишкектин чет жагында атып өлтүрүлгөн репрессия курмандыктарынын сөөгү жаткан жерди Бүбүйра Кыдыралиева 1990-жылы ачыкка чыгарган. Ага бул жашыруун маалыматты өз кезегинде НКВДнын дачасында кароолчу болуп иштеген атасы Абыкан Кыдыралиев 1973-жылы айтып берген. Кыдыралиева укканын Совет доорунда ачык жарыялоого батынган эмес.

"Эл душманы" жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү болгон. Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта жаңы негизделген "Ата Бейит" көрүстөнүнө арууланып кайра коюлган. Эртеси күнү Жогорку Кеңеш Кыргызстандын эгемендигин жарыялаган.

"Эрдик" медалынын ээси Бүбүйра Кыдыралиева 14-августта 96 жашында дүйнө салган. (MZh)

Дагы караңыз

Автоунааны кайра каттоодо камсыздандырууну милдеттендирген токтом чыктыЖети айда 35 миңден ашуун адам пенсияга чыктыМонголияда мектептерде орус тилинин ордуна англис тили окутула баштайтТИМ АКШда сабалган кыргыз жараны тууралуу маалымат бердиШаардык сот Кутманова менен анын уулун камакта калтырдыФейсбукта бийликти сындаган Мирланбек Маратбек уулунун үйү тинтүүгө алындыПрезидент Бүбүйра Кыдыралиева кыргыз тарыхына чоӊ салым кошконун айтты