Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:30

Президент Бүбүйра Кыдыралиева кыргыз тарыхына чоӊ салым кошконун айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров сталиндик репрессияда атылгандар көмүлгөн жерди көрсөтүп берген Бүбүйра (Бүбүра) Кыдыралиева Кыргызстандын тарыхында чоӊ из калтырганын билдирди. Кыдыралиеванын жакындары менен туугандарына жана кыргызстандыктарга көңүл айтты.

“Бүбүйра апанын “Ата Бейит” апаатын жүрөгүнө канчалаган жыл бою жүк кылып сактап жүрүп, акыры атасынын аманаты катары ачыкка чыгарып, кыргыз тарыхына ташка тамга баскандай из калтыргандыгын ар бир кыргыз жараны жакшы билет. Бүбүйра апа сырын ачпаганда, биз мамлекет түптөөчү аталарыбыздын бир далайын билбей каларыбыз анык эле. Ата Мекени үчүн башын сайган аталардын баасы-баркы бүгүнкүдөй ачылбай, алардын укум-тукумдарынын көксөөсү суубай кала бермек беле, ким билет? Кандай болгон күндө дагы тарыхыбызды тактоого, ата-бабаларыбыздын урпактары үчүн өмүрүн сайып, өзүнчө мамлекет болууга жасаган эмгектерин ачып чыгууга нар көтөргүс салымын кошту”, - деп жазды президент.

Бүбүйра Кыдыралиева 14-августта 96 жашында дүйнөдөн кайтты.

Бишкектин чет жагында атып өлтүрүлгөн репрессия курмандыктарынын сөөгү жаткан жерди ал 1991-жылы ачыкка чыгарган. Ага бул жашыруун маалыматты өз кезегинде НКВДнын дачасында кароолчу болуп иштеген атасы Абыкан Кыдыралиев 1973-жылы айтып берген. Бүбүйра Кыдыралиева укканын Совет доорунда ачык жарыялоого батынган эмес.

“Эл душманы” жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү болгон. Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта жаңы негизделген “Ата Бейит” көрүстөнүнө арууланып кайра коюлган. Эртеси күнү Жогорку Кеңеш Кыргызстандын эгемендигин жарыялаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG