Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Шаардык сот Кутманова менен анын уулун камакта калтырды


Динара Кутманова жана Кемелбек Кутманов. Коллаж.
Динара Кутманова жана Кемелбек Кутманов. Коллаж.

Бишкек шаардык соту 8-августта мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жана анын уулу Кемелбек Кутмановдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттарынын арызын карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Шаардык соттун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук соту 18-июлда Динара Кутманова менен Кемелбек Кутмановдун камактагы мөөнөтүн 5-октябрга чейин узарткан. Алардын адвокаттары бул чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берген. Ушул тапта райондук сотто кылмыш ишин териштирүү уланып жатат.

Экс-министр Динара Кутманова жана уулу Кемелбек Кутманов Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен айыпталууда.

2023-жылдын 25-июлунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Динара Кутманова министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучу болгону аныкталып” кармалганын кабарлаган. Ал министр болуп турганда мамлекеттин акчасын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схема уюштурган деп билдирген.

Ал министр болуп 2021-жылдын октябрында дайындалып, кызматынан былтыр мартта алынган. Динара Кутманова өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.

Анын уулу Кемелбек Кутманов 2023-жылдын 17-октябрында Түркиядан Кыргызстанга алып келинген. Атайын кызмат тергөөнүн жүрүшүндө Кутманов Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен “Жаратылышты өнүктүрүү фондунун” ишине кийлигишип, андагы долбоорду каржылоонун 10% өзүнө алып турганы далилденгенин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG