Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Жети айда 35 миңден ашуун адам пенсияга чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык фонддун 14-августта маалымдаганы боюнча, быйылкы жылдын январь-июль айларында 35 миң 248 адамга пенсия чектелди. Акыркы бир айда 1205 адам пенсияга чыкты.

Ошондой эле эмгек тажрыйбасы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча пенсияга чыккан 271 адамдын пенсиялары кайрадан эсептелген.

Социалдык фонд 1-июлдан тарта Кыргызстанда минималдык пенсиянын өлчөмүн 3 500 сомго жогорулатты. Ал эми 1-октябрдан тартып пенсиянын эң төмөнкү чеги 6900 сом болору кабарланган. Өкмөт муну Конституциянын 44-беренесинде “пенсия жашоо минимумунан төмөн болбош керек” деп жазылган мыйзамды ишке ашыруу аракети деп түшүндүргөн.

Соцфонддун былтыр 1-ноябрдагы эсебине ылайык, Кыргызстанда 764 миң пенсионер бар. Алардын 400ү 50 миң сомдон көп пенсия алат. Ал эми эң аз пенсия 1800-2000 сомду түзөт. Учурда Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 9300 сом.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2023-жылы Кыргызстанда пенсия курагындагылардын жашоо минимуму 6878 сом деп эсептелген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG