Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

ТИМ АКШда сабалган кыргыз жараны тууралуу маалымат берди


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШнын Лос-Анжелес шаарында сабалып, буюм-тайымдары тонолгон кыргызстандыктын иши министрликтин көзөмөлүндө экенин билдирди.

Мекеме бул тууралуу 14-августта маалымат берип, Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу кыргыз жаранынын сабалышы боюнча окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы айтылат.

Социалдык тармактарда Шайлообек Базарбай аттуу Кыргызстандын жаранын Лос-Анжелестин көчөлөрүнүн биринде өзүн бир нече өспүрүм ур-токмокко алып, автоунаасын талкалап, буюмдарын уурдап кеткени айтылган. Окуянын видеосу Интернетке тараган. (BTo)

XS
SM
MD
LG