Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:18

Монголияда мектептерде орус тилинин ордуна англис тили окутула баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл жаӊы окуу жылынан тартып Монголиянын көп мектептеринде англис тили негизги чет тили катары окутулат. Буга чейин мектептердин басымдуу бөлүгүндө орус тили окутулчу.

Тиешелүү чечим кабыл алынганын өлкөнүн билим берүү министри Пурэвсурэнгийн Наранбаяр билдирди. Анын айтымында, англис тилин негизги чет тили катары үйрөнүү 3-класстан башталат. Жаңы окуу жылында Pearson English программасы тесттик режимде 100 мектепте иштеп баштайт.

Монголия англис тилинен сабак берген мугалимдерин чет өлкөлөрдөгү мектептерде - биринчи кезекте Филиппиндеги магистрдик программаларда окутууну максат кылууда. Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Улан-Батордогу сапарында АКШнын жардамы менен Монголиянын борборунда англис тили борбору ачыларын айткан.

Орус тили Монголияда СССР мезгилинде өлкөдө негизги чет тили катары киргизилген. Орус тили көпчүлүк мектептерде балдарга окутулган жападан-жалгыз чет тилдердин бири болчу. Монголиянын парламенти 2023-жылы англис тилин мектептерде негизги чет тили кылуу боюнча мыйзам кабыл алган.

Орус тили Советтер Союзу ыдырагандан кийин андан бөлүнүп чыккан өлкөлөрдөгү мектептерде окутулуп келет. Кыргызстанда расмий макамына ээ. (BTo)

XS
SM
MD
LG