Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:06

Фейсбукта бийликти сындаган Мирланбек Маратбек уулунун үйү тинтүүгө алынды


Сүрөт Мирланбек Маратбек уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Сүрөт Мирланбек Маратбек уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

15-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган постторду жазган Мирланбек Маратбек уулунун Чүй облусундагы үйүн тинтүүгө алды.

Милиция кызматкерлеринин анын үйүн тинтүү учурун Мирланбек Маратбек уулу Фейсбуктагы баракчасына түз эфирде көрсөттү. Анда өздөрүн Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү деп тааныштырган адамдар текшерүүгө Каракол шаардык соту токтом чыгарып бергенин айтып, ал токтомду көрсөтүштү. Токтомдон “Мирланбек Маратбек уулу Фейсбукта Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик материалдарды жайылткан” деп шек саналып жатканы жазылганын көрүүгө болот.

Мирланбек Маратбек уулу мыйзамга каршы эч кандай иштерди кылбаганын жана үйүндө тыюу салынган буюм-тайым, материалдар жок экенин айтты.

Милиция бул иш тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Мирланбек Маратбек уулу Фейсбукта бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып турат. 1-январда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко өзгөртүлгөн желекке байланыштуу макулдашылбай илинген туу боюнча күнөөлүүлөрдү жазага тартууну талап кылып, прокуратурага бир нече жолу арыз жазган.

Кыргызстанда социалдык тармактарга жазган пост, пикирлери үчүн жоопкерчиликке тартылып, абакка кесилген окуялар буга чейин бир нече болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG