Ош облустук соту Тилек Матраимовго 300 миң сом айып пул чегергени белгилүү болду

Тилек Матраимов.

Ош облустук соту Кара-Суу районунун мурдагы акими, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Тилек Матраимовдун апелляциялык арызын карап, канааттандырган чечим чыгарганы 14-августта белгилүү болду.

Маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.

"Ош облустук сотунун 6-августтагы өкүмүнүн негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен айыпталган М.Т.И. үч миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынып, башкача айтканда мамлекеттин пайдасына 300 000 (үч жүз мин) сом өндүрүлгөн", деп жазылган маалыматта.

Кара-Суу райондук соту Матраимовдун ишин 11-июнда карап, 1 млн сом айыппул төлөөгө милдеттендирген жана жакынкы үч жылда мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыраткан.

Экс-аким менен адвокаты сот чечимине нааразы болуп, облустук сотко кайрылган.

Матраимовго 2019-жылы Кара-Суу районунда жер алдындагы өтмөктүн курулушуна байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган.

Матраимов 25-мартта бир туугандары Райымбек, Руслан, Исламбек Матраимовдор менен чогуу Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке жеткирилген. Апрель айында үй камагына чыккан.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Биринчи май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. 24-июнда сот анын абактагы мөөнөтүн 27-августка чейин узарткан.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (DSh/ZKo)

Дагы караңыз

"Бишкектен келген жабдуудан жарым тоннадай героин табылды". Болгарияда кармалган шектүү жүк "Согушка баргым келбейт". Кыргыз паспортуна кызыккандар Кыргызстанда жаңы окуу жылында 27 жаңы мектеп пайдаланууга берилетТажикстандын Коргоо министрлигинде миллиондогон долларлар кымырылганы аныкталды ТИМ Курск облусундагы кыргыз жарандары тууралуу маалымат бердиБазарбеков тергөө органдарын күнөөсүздүк презумпциясын сактоого чакырды