Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

ТИМ Курск облусундагы кыргыз жарандары тууралуу маалымат берди


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын Курск облусунда 199 кыргыз жараны каттоодо турганын “Азаттыкка” кабарлады. Мекеме мындай маалыматты бул өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берип билдирди.

Ага ылайык, облустун окуу жайларында билим алып жана иштеп жаткан Кыргызстандын жарандары менен байланыш бар.

“Кыргызстандан барган студенттердин маалыматына ылайык, жай мезгилинде студенттердин көбү аталган аймактан чыгып кеткен. Ошондой эле коопсуздук максатында Кыргызстандын жарандарынын бир бөлүгү Курск облусунан өлкөнүн башка аймактарына кетүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Ушул убакытка чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине Курск облусунда кыргыз жарандары жабыркаганы тууралуу маалымат түшкөн эмес.

Украин аскерлери Курск облусуна 6-августта кирип барган. 12-августта украиналыктар Курск аймагынын Суджа шаарчасынан тарткан видеону жарыялаган, андан жоокерлер орус аскерлерин же бийлик өкүлдөрүн көрө электигин айтып жатканын угууга болот.

Украинанын Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырский 12-августта фронттогу абал боюнча маалымат берип жатып украин аскерлери Курск облусунда 1000 чарчы чакырым тилкени ээлеп турушканын айткан. (BTo/TbA)

XS
SM
MD
LG