Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Базарбеков тергөө органдарын күнөөсүздүк презумпциясын сактоого чакырды


Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков тергөө органдарына кайрылып, соттун чечими чыкканга чейин кылмышка шек саналган адамдардын күнөөсүздүк презумпциясын сактоого чакырды.

Базарбековдун кайрылуусун мекеменин басма сөз кызматы 14-августта таратты. Анда тергөө органдары коомчулукта талкуу жараткан кармоолор жана айыптоолор боюнча маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына шашылыш билдирип, коомчулукка кылмыш далилденгендей кабар берилип, кармалгандар кылмышкер катары көрсөтүлүп жатканы айтылат.

Мындай маалыматтар күнөөсүздүк принцибин сактабай, коомчулуктун сот бийлигине болгон ишенимин жоготору белгиленген.

“Судьяларга байланыштуу тергөө органдары тараткан маалымат боюнча бир мисал келтирейин. Бул маалымат шашылыш түрдө чыккандыгы көрүнүп турат. Анткени чуулгандуу маалыматтан бир аз убакыт өткөндөн кийин тергөөчү кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтом чыгарган”, - деп айтылат кайрылууда.

Замирбек Базарбеков сөз кайсы судья тууралуу болуп жатканын тактаган жок.

Конституциянын 57-беренесинин 1-бөлүгүндө “ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт” деп жазылганын эске салды.

Укук коргоо органдары, анын ичинен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) адатта ар кандай кылмышка шек саналып кармалган адамдар тууралуу “ал пара алып жатканда же коррупциялык иштерди уюштурганы үчүн кармалды” деп маалымат таратат. (BTo)

XS
SM
MD
LG