Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Кыргызстанда жаңы окуу жылында 27 жаңы мектеп пайдаланууга берилет


Былтыр пайдаланууга берилген бала бакча. Ак-Сай айылы, Баткен облусу. Иллюстрация.
Былтыр пайдаланууга берилген бала бакча. Ак-Сай айылы, Баткен облусу. Иллюстрация.

Кыргызстанда быйылкы жаңы окуу жылында 40 билим берүү мекемесинин жаңы имараты пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу билдирди.

Анын сөзүнө караганда, пайдаланууга берилүүчү мекемелердин 27си мектеп, 13ү бала бакча.

Өкмөттүн маалыматына караганда, акыркы үч жылда 214 жаңы мектеп салынды, 2023-жылы 105 мектеп пайдаланууга берилген.

Буга чейин өкмөт 2024-жылы өлкөдө 212 мектеп, 50 бала бакча ачыла турганын маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG