Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Тажикстандын Коргоо министрлигинде миллиондогон долларлар кымырылганы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт. Дүйшөмбүдөгү аскердик парад.
Иллюстрациялык сүрөт. Дүйшөмбүдөгү аскердик парад.

Тажикстандын Коргоо министрлигине караштуу түзүмдөрдө 120 миллион сомони (11 миллиондой доллар) кымырылганы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, бул фактыга байланыштуу аталган министрликтин жана башка мекемелердин 50дөн көп кызматкери кармалды.

Бул каражат аскерлердин кийим-кечесине, азык-түлүгүнө жана өлкө коопсуздугун камсыздоого мамлекеттик бюжеттен бөлүнгөнү маалым болду.

Агенттиктин өкүлү Насриддин Низомзоданын айтымында, 52 кылмыш иши сотко өткөрүлүп, айрымдарыныкы боюнча сотко чейинки териштирүүлөр уланып жатат.

"Бүгүнкү күндө 123 миллион сомонинин 93 миллиону бюжетке кайтарылды", - деди Низомзода.

Коррупцияга каршы агенттик ушул жылдын февраль айында эле Коргоо министрлигинде миллиондогон долларлар кымырылганы тууралуу факт бар экенин ачыктаган.

Быйыл жыл башында жарыяланган Transparency International эл аралык уюмунун 2023-жылдагы Коррупцияны кабылдоо индексинде Тажикстан былтыркыга салыштырмалуу төрт тепкичке ылдыйлап, 180 өлкөнүн ичинен 162-орунду ээлеген.

XS
SM
MD
LG