ТИМ кыргызстандыктарды Орусиянын үч облусуна барбай турууга чакырды

Белгород облусу, Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жарандарды Орусиянын Курск, Брянск жана Белгород облустарына баруудан убактылуу карманып турууга чакырды. Мекеме бул аймактарга өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине байланыштуу, абал турукташканга чейин барбай турууну сунуштоодо.

Кыргызстандын жарандары Орусиядагы элчиликке тиешелүү жардам же консультация алуу үчүн +7 (925) 2855047, +7 (925) 1155047 номурлары аркылуу байланыша алышат.

ТИМдин 14-августтагы маалыматына караганда, Орусиянын Курск облусунда 199 кыргыз жараны расмий каттоодо турат. Ушул убакытка чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине Курск облусунда кыргыз жарандары жабыркаганы тууралуу маалымат түшкөн эмес.

Украинадагы согуштан улам Курск облусуна 9-августта эле федералдык масштабдагы өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Брянск жана Белгород облустарына аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилгени 14-августта маалымдалды.

6-августта украин армиясы Курск облусуна кирип барганы кабарланган. 13-августта Украинанын президенти Владимир Зеленский армиясы өз карамагына 74 калктуу конушту алганын билдирди. Ага чейин Курск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Алексей Смирнов 28 калктуу конуш украин күчтөрүнүн көзөмөлүндө экенин айткан.

Орусияда өзгөчө кырдаал режими өкүм сүргөн аймакка адамдар менен транспорт ээн-эркин киргизилбейт. Жергиликтүү тургундар эвакуцияланат. Аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими 500дөн ашуун киши жабыркап, материалдык зыяндын кесепети 1,2 млрд рублдан ашканда жарыяланат. (ZKo)

Дагы караңыз

Орусиянын өтүнүчү менен кармалган жаран Кыргызстанга эстрадицияландыБазарбеков тергөө органдарын күнөөсүздүк презумпциясын сактоого чакырдыТажикстандын Коргоо министрлигинде миллиондогон долларлар кымырылганы аныкталды Пакистанда Олимпиаданын алтын медалын алган спортчуга 359 миң доллар берилди Чек ара кызматы Тамчыда чакан дрон кулаганын ырастадыОрусиянын сегиз аймагы ондогон дрондордун чабуулуна кабылды