Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Чек ара кызматы Тамчыда чакан дрон кулаганын ырастады


Социалдык тармактарга тараган сүрөт.
Социалдык тармактарга тараган сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы Тамчы айылында жайгашкан “Ысык-Көл” аэропортунда болгон кырсык боюнча комментарий берди.

Мекеме 14-августта Балыкчы шаарындагы машыгуу полигонунда жаңы типтеги тактикалык чакан дрон сыноодон өткөрүлгөнүн, ал “Ысык-Көл” аэропортунун аймагында белгиленген жерге жетпей кулап, күйүп кеткенин кабарлады.

Расмий маалымат боюнча, эч ким жабыркаган жок жана анын калдыктарын тазалоо иштери жүрүп жатат. Дрон эмне себептен кулаганы иликтенет.

Чек ара кызматы мындан тышкары мекеменин карамагындагы чалгындоо жана чабуул жасоочу бардык учкучсуз учактар, анын ичинде “Байрактарга” зыян келтирилбегенин кошумчалады.

Мекеме жетекчиси Уларбек Шаршеев да “Азаттыкка” бардык учкучсуз учактар толук экенин, эч кандай зыянга учурабаганын айтты.

Тамчы айылында жайгашкан “Ысык-Көл” аэропортунда учкучсуз учак кулаганын буга чейин “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы маалымдаган. Социалдык тармактарда “Ысык-Көл” аэропортунун аймагында өрт чыгып, кара түтүн асманга көтөрүлүп жатканы тартылган видео жана сүрөттөр жарыяланды.

Кыргызстан буга чейин Түркиядан “Байрактар”, “Аксунгур” жана “Акынжы” дрондорун сатып алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG