Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Орусиянын өтүнүчү менен кармалган жаран Кыргызстанга эстрадицияланды


Кыргыз-казак чек арасындагы Чалдыбар өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасындагы Чалдыбар өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Казакстандын аймагында кармалган А.Г. жана Х.М. аттуу эки аял мекенине алып келингенин 14-августта кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы булар чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын өтүнүчү менен эл аралык издөөгө алынганын кабарлап, бирок алардын кандай кылмышка шек саналып, качан кармалганын ачыктаган жок.

Кармалган аялдардын бири быйыл 1-июнда Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында кармалган Алина Горшенина болушу ыктымал. Горшенинанын апасы Казакстандын соту аны Орусиянын өтүнүчү менен камакка алганын, ага Москва облустук соту Елена Морозова менен прокурор Елена Колоскованы коркуткан деген айып тагылганын журналисттерге билдирген.

Горшенинанын апасы Лариса Горшенина кызын 2023-жылы Подмосковьеде сотко кол салган деп айыптап жатышканын айтып, бирок ал күнү Алина Ысык-Көлдө жүргөнүн, Орусияга акыркы жолу алты жыл мурда гана барганын айткан.

"Медиазона" басылмасы Горшенинанын аты Орусия Ички иштер министрлигинин (ИИМ) издөө жарыялангандар базасында былтыр 27-декабрдан кеч эмес пайда болгонун аныктаган. Ал эми Rusnews агенттиги Алина Горшенинага кылмыш иши 2023-жылы июнда козголгонун жазган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG