Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:40

Орусиянын сегиз аймагы ондогон дрондордун чабуулуна кабылды


Белгород облусуна жасалган дрон чабуулунун кесепети. Архивдеги сүрөт.
Белгород облусуна жасалган дрон чабуулунун кесепети. Архивдеги сүрөт.

14-августка караган түнү Орусиянын сегиз аймагы ондогон дрондордун чабуулуна кабылды. Коргоо министрлиги абадан жасалган кол салууну Украинадан көрүп, жалпы 117 учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди. Мекеме тараткан маалыматка караганда, алардын 37си Курск облусунда, 37си Воронеж, калгандары Белгород, Нижегород, Волгоград, Брянск, Орлов жана Ростов облустарында абадан кулатылган.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусевдин айтымында, кулатылган дрондордун сыныктарынан бир нече турак жай, коммуналдык объектилери жана транспорт каражаттары талкаланды. Жабыркагандар жок.

Айрым орусиялык Телеграм-каналдар дрондордун чабуулу "Балтимор" аэродромуна жана Борисоглебскидеги авиабазага багытталган болушу мүмкүн. Гусев бул боюнча үн каткан жок.

Украина аба чабуулдар тууралуу комментарий берген жок.

Ушул тапта Орусиянын Курск облусунда айыгышкан салгылаш жүрүп жатат. 6-августта украин армиясы аймакка кирип барганы кабарланган. Украинанын президенти Владимир Зеленский 13-августта армиясы 74 калктуу конушту өз карамагына алганын билдирди.

Америкалык The Wall Street Journal басылмасы 13-августта Вашингтондогу өз булактарына таянып, Орусия Украинадагы аскерлеринин айрым бөлүктөрүн Курск облусуна жөнөткөнүн жазды.

XS
SM
MD
LG