Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

Пакистанда Олимпиаданын алтын медалын алган спортчуга 359 миң доллар берилди


Париж Олимпиадасында найза ыргытуудан алтын медалга ээ болгон Аршад Надимди мекенинде тосуп алып жатышат. 11-август, 2014-жыл.
Париж Олимпиадасында найза ыргытуудан алтын медалга ээ болгон Аршад Надимди мекенинде тосуп алып жатышат. 11-август, 2014-жыл.

Париж Олимпиадасында жеке мелдештерде найзаны 92,97 метрге ыргытып, Олимпиаданын жана улуттук рекорддорду жаңылаган Аршад Надимди өкмөт 13-августта 359 миң доллар менен сыйлады.

Пенжабдын башкы министри Мариам Наваз Надимдин айылындагы үйүнө барып, ага чек тапшырды.

"Аршад Надим элибизге чексиз бакыт алып келди",- деди Наваз.

Буга чейин Пакистан 1960, 1968 жана 1984-жылдары чөп үстүндөгү хоккей боюнча чемпион болгон. Андан тышкары пакистандыктар 1960-жылы күрөштөн жана 1988-жылы бокстон коло медал алган.

1992-жылкы Барселона оюндарынан бери бул өлкөгө бир да медал тийе элек болчу.

Курулушчунун баласы Надим алыскы Пенжаб провинциясындагы айылдын четиндеги талаада машыгып келген.

Былтыр Венгрияда жеңил атлетика бонча Дүйнө чемпионатында экинчи орунду алган.

Токио Олимпиадасында найзаны азыркыдан 8 метрге кыскараак аралыкка ыргытып, 5-орунду ээлеген.

XS
SM
MD
LG