Кара-Суунун акими Темирболот Абыкеев кызматтан алынды

Темирболот Абыкеев.

Көп суммада пара алууга шек саналып жаткан Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев кызматтан алынды. Бул тууралуу 12-августта “Азаттыкка” президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ушул эле күнү Канат Табалдиев Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 26-июлда Темирболот Абыкеев көп суммада пара алууга шек саналып жатканын кабарлаган. Атайын кызмат Ынтымак айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүүгө Абыкеевдин катышы бар экени тууралуу маалымат түшүп, териштирүүдө ал пара алганы аныкталганын кошумчалаган.

Ош шаардык соту 23-июлда анын бөгөт чарасын карап, тилкат менен бошоткон. Мурдагы аким коюлган айып боюнча комментарий бере элек.

19-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунда элге деп бөлүнгөн 138 гектар жерге байланыштуу маселе көтөрүп, жер тилкелери сатылып жатканын ага тиешеси бар кызмат адамдары жоопкерчиликке тартыларын айткан.

39 жаштагы Темирболот Абыкеев Кара-Сууга аким болуп 2023-жылдын декабрында дайындалган. Ага чейин Нарын облусунда айыл өкмөт башчысы, Ош облусунун Чоң-Алай районунда аким болуп иштеген. Ал президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин тууганы.(BTo/DSh)

Дагы караңыз

Таш-Көмүр шаарында турак жайдан чыккан өрттөн төрт адам каза болдуКыргызстанда орточо айлык акы 35 миң 300 сом деп эсептелдиНоокендеги жол кырсыгынан алты адам мүрт кеттиОрусияда соттолуп, кийин айырбашталган америкалык спортчу Олимпиадада алтын алдыЗапорожье атомдук электр станциясында ири өрт чыктыУКМК казакстандык ишкер Ясынжан Таировго издөө жарыяладыЫсык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюуга 120 адам тартылды