Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Запорожье атомдук электр станциясында ири өрт чыкты


Запорожье атомдук электр станциясы.
Запорожье атомдук электр станциясы.

Украинага таандык, бирок ушул тапта Орусия башкарып жаткан Запорожье атомдук электр станциясында (АЭС) ири өрт чыкты. АЭС өрттөнүп, коюу түтүн каптаган видеону 11-августта Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялады.

Бул окуя үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап, эки тарап теӊ радиациялык абал туруктуу экенин кабарлашты.

Запорожье атомдук электр станциясы (АЭС) 1981-жылы курулган жана ал Европадагы эң чоң АЭСтердин бири болуп саналат. Кубаттуулугу 6000 МВт. Азыр электр энергиясын өндүрбөйт.

АЭС орус армиясы Украинага 2022-жылы февралда кол салгандан көп өтпөй, март айында Орусиянын көзөмөлүнө өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG