Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

УКМК казакстандык ишкер Ясынжан Таировго издөө жарыялады


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) казакстандык ишкер, Ысык-Көл районундагы “Симирам” эс алуу борборунун ээси Ясынжан Таировго издөө жарыяланганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) мыйзамсыз иштер менен алектенерин жана оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгонун билип туруп Кыргызстанда аны менен чогуу ишкерлик кылуу үчүн байланыш түзгөнү аныкталган.

Тергөөдө Ясынжан Таиров Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоо үчүн ага 200 миң доллар бергени такталган.

“Ошондой эле, “Симирам” эс алуу борборунун ээси уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнө алардын эс алуусун уюштуруу үчүн коттеждерди жана эс алуу жайларын берип турган. Мындан тышкары, Ясынжан Таиров Камчы Көлбаевге ар кандай майрамдык салтанаттарды жана иш-чараларды өткөрүүдө дайыма көңүл буруп, кымбат баалуу белектерди берип турган”, - деп айтылат маалыматта.

УКМК Ясынжан Таиров менен Камчы Көлбаевдин жолугушуулары кримтөбөлдүн Чолпон-Ата шаарындагы “Барс” комплексинин аймагында өткөнүн кошумчалады.

Чогултулган материалдардын негизинде Ясынжан Таировго Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу чарасы тандалып, мамлекеттер аралык жана “Интерпол” Улуттук борбордук бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланган. Ачык булактарда Ясынжан Таиров тууралуу маалыматтар жок.

Атайын кызмат июнь айынын башында дагы бир казакстандык ишкер, “Вертекс Голд” компаниясынын ээси Владимир Жуманбаевге эл аралык издөө жарыялап, ал Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылап турганы аныкталганын билдирген.

Владимир Жуманбаев 19-июнда Кыргызстанга келип, бир катар тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөнү кабарланып, ишкерге мурда коюлган айыптар алынып, сотко чейинки өндүрүш иши токтотулган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG