Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Орусияда соттолуп, кийин айырбашталган америкалык спортчу Олимпиадада алтын алды


Бриттни Грайнер Париж Олимпиадасында.
Бриттни Грайнер Париж Олимпиадасында.

АКШнын баскетбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Париж Олимпиадасында биринчи орунду алды. Команданын курамындагы 33 жаштагы спортчу Бриттни Грайнер да алтын медал тагынды.

Ал 2022-жылы Орусияда баңгизатты контрабандалык жол менен ташууга күнөөлүү деп табылып, 9 жылга абакка кесилген. Спортчу ошол эле жылы 2012-жылы “колумбиялык козголоңчуларга курал сатуу ишин даярдаган” деген айып менен АКШда 25 жылга кесилген орусиялык Виктор Бутка айырбашталган.

Париж Олимпиадасынын финалында АКШнын баскетболчулары Франциянын командасын 67:66 эсеби менен жеӊди. Муну менен АКШ катары менен сегизинчи ирет Олимпиаданын алтынын утуп алды.

Бриттни Грайнер 2016-жылы Бразилияда жана 2021-жылы Жапонияда өткөн Олимпиада оюндарында АКШнын курамасы менен чемпион болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG