Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Кыргызстанда орточо айлык акы 35 миң 300 сом деп эсептелди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда быйыл январь-июнь айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 298 сомду түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,6% көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев 9-августта брифингде айтты.

2024-жылдын январь-май айларында ички дүң өнүм (ИДӨ) 677 млрд сомдон ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 8,7% көп. Быйыл январь-май айларында өнөр жай продукциясынын көлөмү 280,4 млрд сомду түздү.

Кыргызтандын 2024-жылдагы бюджетинин кирешеси 378 млрд 437 млн сом, чыгашасы 367 млрд 500 млн сом деп бекитилген. Республикалык бюджеттин профицити 10 млрд 900 млн сом болот деп болжолдонууда.

Өлкөдө орточо айлыктын көрсөткүчү боюнча коомчулукта ар кандай талаш-тартыш болуп келет. Айрымдар орточо эмгек маяна 35 миң сомго жетпей турганын айтышат. (BTo)

XS
SM
MD
LG