Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Ноокендеги жол кырсыгынан алты адам мүрт кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

11-августта Жалал-Абад облусунун Ноокен району аркылуу өткөн Бишкек - Ош автожолунун 487-чакырымында болгон автокырсыктан алты адам мүрт кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Аман Жолборсалиев билдирди.

Маалыматка караганда, SsangYong Korando үлгүсүндөгү автоунааны Бишкектен Ош тарапка айдап бараткан 41 жаштагы айдоочу карама-каршы тилкеге чыгып кетип, Renault Premium жүк ташуучу машинесин сүзгөн.

SsangYong Korando автоунаасынын айдоочусу жана төрт жүргүнчү кырсык болгон жерден каза тапкан. Бир адам Шамалды-Сай шаарынын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жан берген.

Кыргызстанда 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (TB/BTo)

XS
SM
MD
LG