Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюуга 120 адам тартылды


Балыкчы - Бөкөнбаев автожолунда болгон сел.
Балыкчы - Бөкөнбаев автожолунда болгон сел.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ысык-Көл районунундагы селдин кесепеттерин жоюуга 120 адам тартылганын кабарлады. Андан тышкары атайын техника иштеп жатат.

Мекеменин маалыматына ылайык, 11-августта Чолпон-Ата шаарынын Тогуз-Булак тилкесинде төрт үйдү, Бактуу-Долоноту айылында тогуз турак жайды каптаган. Булан-Сөгөттү айылында бир, Бостери айылында үч турак үйгө суу кирген.

ӨКМ быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда 300дөн ашык сел жүрүп, акыркы 30 жылдын ичинде рекорддук чекке жеткенин билдирген. Өлкө 2024-жылдын алты айында табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартты.

Сел жана башка кырсыктардан 25 адамдын өмүрү кыйылды. (BTo)

XS
SM
MD
LG