Ала-Бука-Чаткал жолунун 25 чакырымына асфальт төшөө аяктады, жыл аягына чейин жалпысынан 70 чакырымы ондолот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев баштаган депутаттардын жергиликтүү эл менен жолугушуусунда айтылды. Калган 100 чакырым жолду оңдоо кийинки жылы бүткөрүлөрү, андан сырткары Талас облусуна ашкан жолдун 19 чакырымына дагы асфальт бастырылары белгиленди.
Кыргызстандагы эң алыскы райондордун бири болгон Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы жолго байланыштуу маселе бир канча жылдан бери көтөрүлүп келген.
Июнь айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл жалпысынан 400 чакырым жол оңдолорун маалымдаган.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан автожолдорду курууга эл аралык каржы уюмдарынан 2,5 миллиарддан ашык доллар насыя алган жана анын басымдуу бөлүгүн Кытай берген.
Дагы караңыз
"Электр станциялары": Токтогул ГЭСин оңдоодо маанилүү этап аяктадыЗеленский “согуш агрессордун аймагына сүрүлгөнүн” айтты Курск: ракетанын сыныгы көп кабаттуу үйгө кулап, 13 адам жараат алды Газадагы чабуулда 100дөн ашык адам мерт болуп, ондогон киши жараат алды Жалал-Абад шаарында тез татым жайы толугу менен өрттөнүп кетти Бразилияда жүргүнчү учак кыйрап, 61 адам набыт болду Талас облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталдыКурск, Брянск жана Белгороддо “контртеррористтик операция” режими киргизилдиИранда бир күндө 29 адам дарга асылды Бишкек: катуу шамалда ондогон бак кыйрап, көп кабаттуу үйлөрдүн чатыры сынды