Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Зеленский “согуш агрессордун аймагына сүрүлгөнүн” айтты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский күндөлүк видеокайрылуусунда украин аскерлеринин соңку чабуулдары тууралуу комментарий берди. Ал 6-августтан бери аткыланып жаткан Орусиянын Курск облусун ачык атабастан, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Александр Сырскийдин “согуш агрессордун аймагына сүрүлгөнү тууралуу” докладын укканын айтты.

“Бүгүн кол башчы Сырский фронт, биздин аракеттер тууралуу жана согуштун агрессордун аймагына сүрүлүшү жөнүндө бир канча жолу маалымат алдым. Муну камсыздап жаткан Коргоо күчтөрүнүн ар бир бөлүгүнө ыраазычылык билдирем. Украина чындап акыйкаттыкты орното аларын, агрессорго басым кыла аларын далилдеп жатат”,- деди Зеленский.

Ишембиден жекшембиге караган түнү Орусиянын Курск облусунда атып түшүрүлгөн ракетанын сыныгы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кулап, бери дегенде 13 адам жараат алганы кабарланды. Аймактын губернатору Алексей Смирнов алардын экөө оор абалда экенин билдирди.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев ишембиден жекшембиге караган түнү бир нече дрон атып түшүрүлгөнүн Телеграм-каналына жазды. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана жараат алгандар жок.

Белгород облусунун башчысы Вячеслав Гладков Шебекино шаарын аткылоодо беш адам жарадар болгонун, эки адам ооруканага жеткирилгенин кабарлады.

Согуш маалында бул билдирүүлөрдү бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Мунун алдында Курск, Брянск жана Белгород облустарына “контртеррористтик операция” режими киргизилген. Ага чейин Курскиде федералдык деңгээлде чукул кырдаал жарыяланган.

Украин аскерлери 6-августта Курск облусуна кирип барып, Суджа районунда позицияларын бекемдеп алгандан кийин эки тараптын армиялары ортосунда кармаш уланууда.

Орусиянын Коргоо министрлиги аймактагы кырдаал көзөмөлдө экенин маалымдаган.

Украин аскерлеринин бул операциясынын чоо-жайы, ага канча украин жоокери катышып жатканы белгисиз.

XS
SM
MD
LG