Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Иранда бир күндө 29 адам дарга асылды


Иран. Иллюстрациялык сүрөт.
Иран. Иллюстрациялык сүрөт.

Иранда шаршемби күнү 29 адам дарга асуу аркылуу өлүм жазасына тартылганы 9-августта белгилүү болду.

Норвегиядагы Iran Human Rights уюмунун билдиришинче, алардын арасындагы үч адам Тегерандан анча алыс эмес Караждагы шаардык түрмөдө, калган 26сы бул шаардагы Кезел Хесар абагында кармалып турган.

Би-Би-Си Бириккен Улуттар Уюмуна таянып быйыл жыл башынан бери Иранда бери дегенде 345 адам дарга асылганын, алардын ичинде 15 аял болгонун жазды.

Өлүм жазасына тартылгандар арасында эки ооган жараны болгон жана алар адам өлтүрүүгө, маңзатка жана зордуктоого айыпталып камалган.

Апта башында “Фарда” радиосу Ирандагы эки жыл мурдагы нааразылык акцияларында кармалган активист Реза Расаи дарга асылганын билдирген.

Өткөн айда укук коргоочулар президенттик шайлоодон кийин бул өлкөдө өлүм жазасын ишке ашыруу кайрадан күчөгөнүн айтып чыгышкан. Анда дарга асылгандар оогандыктар көбөйгөнү, алардын ишинде адилеттүү сот чечимине жетишүү мүмкүн эместиги белгиленген.

Эл аралык Human Rights Watch уюму өткөн айда жаңы шайланган президент Масуд Пезешкианды өлүм жазасына тартылгандардын санын кыскартууга чакырган.

Amnesty International уюму былтыр Иранда өлүм жазасына кеминде 853 киши тартылганын, алардын 481и маңзат үчүн кармалгандар экенин кабарлаган.

XS
SM
MD
LG