Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Курск: ракетанын сыныгы көп кабаттуу үйгө кулап, 13 адам жараат алды


Украин аскерлери 6-августта Курск облусуна кирип барып, Суджа районунда позицияларын бекемдеп алгандан кийин эки тараптын армиялары ортосунда кармаш уланууда.
Украин аскерлери 6-августта Курск облусуна кирип барып, Суджа районунда позицияларын бекемдеп алгандан кийин эки тараптын армиялары ортосунда кармаш уланууда.

Орусиянын Курск облусунда атып түшүрүлгөн ракетанын сыныгы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кулап, бери дегенде 13 адам жараат алды. Аймактын губернатору Алексей Смирнов алардын экөө оор абалда экенин билдирди.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев ишембиден жекшембиге караган түнү бир нече дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана жараат алгандар жок.

Белгород облусунун башчысы Вячеслав Гладков Шебекино шаарын аткылоодо беш адам жарадар болгонун, эки адам ооруканага жеткирилгенин кабарлады.

Согуш маалында бул билдирүүлөрдү бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Мунун алдында Курск, Брянск жана Белгород облустарына “контртеррористтик операция” режими киргизилген. Ага чейин Курскиде федералдык деңгээлде чукул кырдаал жарыяланган.

Орус мыйзамдарына ылайык “контртеррористтик операция” режими жарыяланган аймактарга кирип-чыккандардын документтери, машиналары текшерилет. Күч органдарына бардык имараттарга киргенге уруксат берилет, маанилүү объектилерди кайтаруу күчөтүлөт.

Украин аскерлери 6-августта Курск облусуна кирип барып, Суджа районунда позицияларын бекемдеп алгандан кийин эки тараптын армиялары ортосунда кармаш уланууда.

Орусиянын Коргоо министрлиги аймактагы кырдаал көзөмөлдө экенин маалымдаган.

Украин аскерлеринин бул операциясынын чоо-жайы, ага канча украин жоокери катышып жатканы белгисиз.

XS
SM
MD
LG