Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

"Электр станциялары": Токтогул ГЭСин оңдоодо маанилүү этап аяктады


№1 гидроагрегатты оңдоо иштери. Токтогул ГЭСи. Август, 2024-жыл. Энергетика министрлиги тараткан сүрөт.
№1 гидроагрегатты оңдоо иштери. Токтогул ГЭСи. Август, 2024-жыл. Энергетика министрлиги тараткан сүрөт.

“Электр станциялары” ишканасы Токтогул ГЭСинин №1 гидроагрегатынын роторун орнотуу аяктаганын билдирди. Бул адистердин "беш айлык тынымсыз ишинин жыйынтыгы, оңдоп-түзөө иштериндеги эң маанилүү этап" экенин белгиледи.

Аталган ишканага караштуу Токтогул ГЭСинин №1 гидроагрегаты 5-мартта реконструкцияга берилип, токтотулган. Энергетика министрлиги 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине чейин үлгүрүү үчүн оңдоо иштери ылдам жүрүшү керектигин эскерткен.

Буга чейин министрлик Токтогулдун №1 гидроагрегаты жаңыланган соң, ГЭСтин жалпы кубаттуулугуна дагы 60 МВт кошуларын билдирген.

Токтогул ГЭСинде төрт агрегат бар. №4 агрегат 2022-жылы жана №2 агрегат 2023-жылы оңдоодон өткөн. №3 агрегат 2025-жылы реконструкцияланышы керек.

ГЭСтин жалпы кубаттуулугу ушул маалга чейин 1200 мВт деп эсептелген. Соңку жаңылоолордон кийин станциянын күчү 1320 мВт чекке жетти. Реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери толук аяктаса, анын кубаттуулугу 1440 мегаваттка көбөйөт деп эсептелген.

XS
SM
MD
LG