Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Курск, Брянск жана Белгороддо “контртеррористтик операция” режими киргизилди


Курск облусундагы Суджа шаары. 7-август 2024-жыл
Курск облусундагы Суджа шаары. 7-август 2024-жыл

Орусиянын Терроризмге каршы улуттук комитети Курск, Брянск жана Белгород облустарына “контртеррористтик операция” режими киргизилгенин билдирди. Мунун алдында Курск облусунда федералдык деңгээлде чукул кырдаал жарыяланган эле.

Орус мыйзамдарына ылайык “контртеррористтик операция” режими жарыяланган аймактарга кирип-чыккандардын документтери, машиналары текшерилет. Күч органдарына бардык имараттарга киргенге уруксат берилет, маанилүү объекттерди кайтаруу күчөтүлөт.

Украин аскерлери 6-августта Курск облусуна кирип барып, Суджа районунда позицияларын бекемдеп алгандан кийин эки тараптын армиялары ортосунда кармаш уланууда. “Свобода” радиосу социалдык тармактардагы билдирүүлөргө таянып жумага караган түнү Рыльск шаарына жакын жерде орусиялык аскердик техникага сокку урулганын жазды.

Согушту колдогон “Военный осведомитель” Телеграм-каналы украин жоокерлери орусиялык колоннага HIMARS ракеталарынан сокку урганын кабарлады.

The Insider түрдүү булактарга, жергиликтүү тургундарга шилтеме менен украиналык аскерлер облуска кирип келгенден бери 11 калк жашаган пунктту көзөмөлүнө алганын маалымдады.

Орусиянын Коргоо министрлиги аймактагы кырдаал көзөмөлдө экенин маалымдаган.

Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко облусту аткылоодон 6-8-август күндөрү 66 киши, арасында тогуз бала жабыркаганын билдирген.

Бирок украин аскерлеринин бул операциясынын чоо-жайы азырынча бүдөмүк, ага канча украин жоокери катышып жатканы дагы белгисиз.

Орусиянын Коргоо министрлиги каршы тараптан миңдей аскер, 20дан ашуун танк жана брондолгон машине менен кирип барганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG