Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Бразилияда жүргүнчү учак кыйрап, 61 адам набыт болду


Бразилияда Сан-Паулу шаарынын анча алыс эмес жерде Voepass авиакомпаниясына таандык жүргүнчү учак кыйрады. Жергиликтүү бийлик анын ичинде 61 адам болгонун, бирөө дагы тирүү калбаганын билдирди.

Учак Парана штатындагы Каскавел шаарынан Гуарульюс аэропортун көздөй учуп бараткан. Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордон калктуу конушка кулап түшкөнүн көрүүгө болот, бирок жерде эч ким жабыркаган эмес.

Бразилиялык GloboNews телеканалы учак кыйраган жерде ири өрт чыкканын көрсөттү. Flightradar24 сайтындагы маалыматка ылайык, учак 2010-жылы жасалган. Бразилиянын Жарандык авиация улуттук агенттиги бул маалыматты ырастап, самолеттун техникалык маселеси болбогонун белгиледи.

Авиакырсыктарды иликтеген Cenipa жергиликтүү кызматы учак эмнеден улам кыйраганы азырынча белгисиз экенин кабарлады. Ага ылайык, лайнер кулар алдында кандайдыр бир маселе тууралуу жердеги кызматтарга маалымат берилген эмес.

Учак Каскавелден жергиликтүү убакыт боюнча 11.46 учуп чыккан, бирок 13:21ден тартып диспетчерлердин билдирүүсүнө жооп бербей калган жана бир минутадан кийин радардан жоголгон.

Өлкөнүн президенти Луис Инасио Лула да Силва кырсыкка байланыштуу өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.

XS
SM
MD
LG