Париж-2024: Жоламан Шаршенбеков биринчи атаандашын утту

Жоламан Шаршенбеков менен Айдос Султангали.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 5-августта грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков алгачкы атаандашы казакстандык балбан Айдос Султангалини 6:3 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты. Балбандар Олимпиада оюндарынын 1\8 финалында күч сынашты.

Грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта жалпы 17 балбан бар:

  • Жоламан Шаршенбеков (Кыргызстан)
  • Виктор Чобану (Молдова)
  • Кеничиро Фумита (Жапония)
  • Мехди Мохсен Нежад (Иран)
  • Лигуо Цао (Кытай)
  • Георгий Тибилов (Сербия)
  • Райбер Родригес (Венесуэла)
  • Кевин Де Армас (Куба)
  • Абделькарим Фергат (Алжир)
  • Илхомжон Бахрамов (Өзбекстан)
  • Моамен Мохаммед (Египет)
  • Энес Базар (Түркия)
  • Айдос Султангали (Казакстан)
  • Се Унг Ри (Түндүк Корея)
  • Садык Лалаев (Бейтарап, Россия)
  • Мурад Мамедов (Азербайжан)
  • Жамал Вализаде (качкын макамы бар)
Дагы караңыз Париж-2024: Мээрим менен Жоламан чейрек финалда

Шаршенбеков Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде 60 килограмм салмакта биринчи орунда. Жоламан акыркы эки жылда жети мелдештен жети байге утса, анын алтоо алтын, бирөө коло медал.

25 жаштагы Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022, 2023). Дүйнө чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси (55 кг, 2018-ж., 60 кг, 2021-ж.). Азиянын үч жолку чемпиону (2022-ж., 2023-ж., 2024-ж.). Азия чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси (2018-ж., 2020-ж.) жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023). Уландар (кадеттер) арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында коло (54 кг. 2016-ж.), жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында күмүш медал (55 кг, 2017-ж.) тагынган. 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатында алтын, Дүйнө чемпионатында (U23) күмүш (2019-ж.) байгеге ээ болгон.

Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. Жоламан Шаршенбеков 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында 7-орунду ээлеген. (BTo)

Дагы караңыз

Украина бир нече жараны жараат алганын билдирдиЕЭК: Чет элдиктер тууралуу мыйзамдын ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жокТүндүк Кореянын чек ара аскерлери 250 ракеталык система алды Газанын жарандык коргонуу мекемеси дагы 30 адам каза болгонун билдирдиЖети айда 161,3 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулду Мали Украина менен алакасын үзүп жатканын жарыялады Чет өлкөлөрдө соттолгон 40 кыргыз жараны мекенине которулдуПрокурор Камчы Көлбаевдин апасын 10 жылга абакка кесүүнү сурадыКурулуш тармагында иштеген 500дөй компаниянын лицензиясы алынат