Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:12

Мали Украина менен алакасын үзүп жатканын жарыялады


Москва. Малиде жок кылынган вагнерчилерди эскерүү. Иллюстрациялык сүрөт.
Москва. Малиде жок кылынган вагнерчилерди эскерүү. Иллюстрациялык сүрөт.

Мали бийлиги Украина менен дипломатиялык алакасын токтотконун жарыялап, аны "эл аралык терроризмди колдоп жатат" деп айыптады. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн өткөөл өкмөтүнүн сайтындагы билдирүүдө жарыяланды.

Мындай чечимдин кабыл алынышына Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын өкүлүнүн Малинин түндүгүндө жергиликтүү аскерлер жана орусиялык жалданма аскерлер каза тапкан окуя тууралуу комментарийи себеп болду.

Африканын батышында жайгашкан Мали өлкөсүндөгү туарег уруусунан чыккан козголоңчулар бир нече күндүк айыгышкан кармашта орусиялык "Вагнер" тобунун жалданма аскерлеринен кеминде 84үн жана малилик аскерлерден 47син өлтүргөнүн билдиришкен.

"Вагнер" Мали бийлигинин козголоңчуларга каршы күрөшүнө эки жыл мурда аралашып, өкмөттүк аскерлерге жардам бере баштаган.

Украинанын Башкы чалгын башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов Киевдин Малидеги согуштук аракеттерге тиешеси жоктугун айткан, бирок "козголоңчулар орусиялык согуш кылмышкерлерине каршы аскердик операцияны ийгиликтүү жүргүзүүгө зарыл болгон тийиштүү маалыматты, андан башкасын да алышкан" деп 29-июлда билдирген.

Мали бийлиги Юсовдун бул сөзүн "…террордук топтордун малилик аскерлердин өлүмүнө алып келген кол салуусуна Украинанын катышкандыгын таануу" деп баалоодо.

Киев Малинин бул билдирүүсү боюнча расмий комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG