Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Курулуш тармагында иштеген 500дөй компаниянын лицензиясы алынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда курулуш тармагында иш алып барган 500дөй компаниянын лицензиясы алынат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев 5-августта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты.

Анын сөзүнө ылайык, өлкөдө баш-аягы 7 миңдей ишканага лицензия берилген. Ушул тапта мунун 2 миңи гана активдүү иштейт. Агенттикте түзүлгөн комиссия мыйзамдарды бузган деген негиз менен 500дөй компаниянын лицензиясын алуу жөнүндө чечим чыгарган.

Нурдан Орунтаев ишкерлерди курулуш тармагында иштөө үчүн лицензия алуу жеңилдетилгенин айтып, ортомчулардан аны кымбат сатып албоого чакырды.

Ал 2023-жылы декабрь айында өлкө боюнча 6 миңдей компанияга лицензия берилгенин билдирген.

Кыргызстанда мамлекеттик мекемелердин тиешелүү уруксат документтери жок турак жайларды, ар кандай имараттарды салып алган компаниялар бар. Алардын көбүндө адамдар жашап жатат. Буга байланыштуу аларды мыйзамдаштырууда маселелер жаралган. (BTo)

XS
SM
MD
LG