Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Украина бир нече жараны жараат алганын билдирди


Украина.
Украина.

Украина 5-августка караган түнү Орусиянын соккуларынан бир нече жараны жараат алганын билдирди.

Днепропетров облусунда Никополь шаары жанкечти дрондордун жана артиллериянын чабуулуна кабылганын облустук аскердик администрация башчысы Сергей Лысак маалымдады. Анын айтымында, 26 жаштагы эркек жана 70 жаштагы аял жараат алды, бир нече үй, дүкөн талкаланды.

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү маалымдагандай, 5-августка караган түнү Орусия Приморско-Ахтарск, Курск аймактарынан Украинаны көздөй Shahed учкучсуз учактарынан 24тү учурду. Алардын баары Киев, Винница, Кировоград, Харьков, Сумы, Полтава жана Днепропетров облустарынын аймагынан атып түшүрүлдү.

Ал эми фронт тилкесинде орус аскерлеринин активдүүлүгү Покровск багытында уланып жатканы маалымдалды. Мындан тышкары Орусия Украинанын Лиман, Северск, Времевский, Орехово жана Приднепровск багыттарында да чабуул коюуда. Жалпысынан соңку суткада 124 жолу кагылышуу болду.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия Харьковго чабуулу ишке ашпай калгандан кийин техникасын жана аскерлерин Покровск багытында көбүрөөк топтоп жатканын билдирген. Ал эми өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский орус тарап Покровск багытындагы кармаштарга эң тажрыйбалуу чабуулчу бөлүктөрүн жөнөтүп жатканын 1-августта айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG