Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:30

Чет өлкөлөрдө соттолгон 40 кыргыз жараны мекенине которулду


Орусиядагы түрмөлөрдүн бири.
Орусиядагы түрмөлөрдүн бири.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев быйыл жыл башынан бери чет өлкөлөрдөгү абактарда жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын 40 жараны мекенине которулганын билдирди. Дагы 52 адам экстрадиция болот. Бул тууралуу ал 5-августта мекеменин жарым жылда аткарган иши боюнча журналисттерге уюштурулган басма сөз жыйынында айтты.

Июнь айында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков чет мамлекеттердеги абактарда 1,5 миңдей кыргызстандык жаран бар экенин айткан. Алардын көбү Орусияда.

Андан тышкары Кытайда, Бириккен Араб Эмиратында, Беларуста, Литвада, Италияда, Германияда жана Грузияда да ар кандай кылмыш жоопкерчилигине тартылган кыргыз жарандары абактарда жатат.

Орусияда абакка кесилгендердин көбү - баңгизат ишине байланыштуу айыпталгандар. Расмий маалымат боюнча, Орусияда мыйзамсыз маңзат ташуу боюнча 2020-жылы 191, 2021-жылы 324, 2022-жылы 614 кыргыз жараны абакка кесилген. (BTo/KE)

XS
SM
MD
LG