Башкы прокурор Максат Асаналиевдин буйругу менен Баткен, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын прокурорлору дайындалды.
Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Баткен облусунун прокурору болуп Абай Молдокматов, Нарын облусуна Абдирашит Кубатидинов, Талас облусуна Мирбек Расулов, Чүй облусунун прокурору болуп Азизбек Шүкүрбеков жана Ысык-Көл облусунун прокурору болуп Эмирбек Каримов дайындалды.
Ал эми Эмилбек Үркүнбаев Жаза аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокурору болуп дайындалды.
"Башкы прокурор жаңы дайындалган жетекчилерге мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууда өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткаруу талабын койду. Жаңы дайындалган жетекчилер ишке киришти", - деп жазылган маалыматта.
5-июнда Жогорку Кеңеш мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкасын колдоп, башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырган. Ушул эле күнү президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Асаналиев башкы прокурор болуп дайындалган. (ZKo)
Дагы караңыз
Бангладеш премьер-министри кызматтан кеттиТүндүк Кореянын чек ара аскерлери 250 ракеталык система алды Чет өлкөлөрдө соттолгон 40 кыргыз жараны мекенине которулдуМали Украина менен алакасын үзүп жатканын жарыялады Прокурор Камчы Көлбаевдин апасын 10 жылга абакка кесүүнү сурадыПариж-2024: Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова мелдешке чыгат