Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Бангладеш премьер-министри кызматтан кетти


Шейх Хасина.
Шейх Хасина.

Бир нече аптадан бери нааразылык акциялары уланып, жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылган Бангладеште өкмөт жетекчилиги кызматтан кетти. Бүгүн 5-августта премьер-министр Шейх Хасина бийликтен чегинип, өлкөдөн чыгып кеткенин, азыркы тапта ал кайсы жерде экени белгисиз болуп жатканын Би-Би-Си Бангладештеги кабарчысына шилтеме жасап жазды.

Кабарчы жеринен маалымдагандай, армиянын командачысы саясий партиялардын лидерлери менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат, жакынкы арада пресс-конференция уюштурулат.

Дүйшөмбү 5-августта миңдеген демонстранттар премьер-министрдин "Ганобхабан" резиденциясына кирип барып, ээлеп алды.

Жекшемби күнү өкмөттү 15 жылдан бери башкарып келе жаткан Шейх Хасинанын кызматтан кетүүсүн талап кылган митингчилер менен полиция ортосунда кайрадан кагылышуу болуп, кеминде 90 киши каза болгону, алардын 13ү күч кызматкери экени кабарланган. Жалпысынан нааразылык акциясы башталгандан бери 280ден ашуун киши каза тапты.

Июнь айында жергиликтүү сотто 2018-жылы жокко чыгарылган квота системасы кайра калыбына келтирилген. Бул чечим өлкөдө студенттер баштаган нааразылык акцияларын тутанткан.

Мындан улам өлкөнүн Жогорку соту жумуш орундары боюнча айрым талаштуу квоталарды кайрадан жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

Бул чечимге ылайык, мамлекеттик сектордогу кызматтык орундардын 93% талапкерлердин кесиптик жарамдуулугуна жараша бөлүштүрүлөрү айтылган. 1971-жылы Пакистандан көз каранды эместик үчүн согушка катышкан ардагерлердин туугундары үчүн мурда орундардын 30% ашыгы каралган болсо, эми 5% болот деп жарыяланган. Калган 2% аз улут өкүлдөрүнө, майыптыгы барларга жана "үчүнчү жыныс" өкүлдөрүнө берилери белгиленген.

Полиция акциянын катышуучулары өкмөт, телекоммуникация жана абак мекемелеринин көбүн талкалап, өрттөп жибергенин билдирген.

Нааразылык уюштурган студенттер бийликтен акциянын уюштуруучуларын коё берүүнү, коменданттык саат режимин токтотууну жана университеттердин ишин калыбына келтирүүнү да талап кылышкан.

Калкы дээрлик 170 миллион Бангладеште жаштардын 18 миллионго жакыны жумушсуз. (RK)

XS
SM
MD
LG