Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев быйыл жыл башынан бери чет өлкөлөрдөгү абактарда жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын 40 жараны мекенине которулганын билдирди. Дагы 52 адам экстрадиция болот. Бул тууралуу ал 5-августта мекеменин жарым жылда аткарган иши боюнча журналисттерге уюштурулган басма сөз жыйынында айтты.
Июнь айында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков чет мамлекеттердеги абактарда 1,5 миңдей кыргызстандык жаран бар экенин айткан. Алардын көбү Орусияда.
Андан тышкары Кытайда, Бириккен Араб Эмиратында, Беларуста, Литвада, Италияда, Германияда жана Грузияда да ар кандай кылмыш жоопкерчилигине тартылган кыргыз жарандары абактарда жатат.
Орусияда абакка кесилгендердин көбү - баңгизат ишине байланыштуу айыпталгандар. Расмий маалымат боюнча, Орусияда мыйзамсыз маңзат ташуу боюнча 2020-жылы 191, 2021-жылы 324, 2022-жылы 614 кыргыз жараны абакка кесилген. (BTo/KE)
Дагы караңыз
Курулуш тармагында иштеген 500дөй компаниянын лицензиясы алынатМали Украина менен алакасын үзүп жатканын жарыялады Түндүк Кореянын чек ара аскерлери 250 ракеталык система алды УКМК Ошто маңзат иши боюнча эки милиция кызматкери кармалганын билдирди УКМК "Старый толчок" базары мамлекетке алынганын кабарладыОрусияда Кыргызстандын жараны автоунаа сүзүп каза болду"Коопсуз шаар" долбоорунан алты айда 5 млн долларга чукул акча түштү Прокурор Камчы Көлбаевдин апасын 10 жылга абакка кесүүнү сурады