Курулуш тармагында иштеген 500дөй компаниянын лицензиясы алынат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда курулуш тармагында иш алып барган 500дөй компаниянын лицензиясы алынат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев 5-августта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты.

Анын сөзүнө ылайык, өлкөдө баш-аягы 7 миңдей ишканага лицензия берилген. Ушул тапта мунун 2 миңи гана активдүү иштейт. Агенттикте түзүлгөн комиссия мыйзамдарды бузган деген негиз менен 500дөй компаниянын лицензиясын алуу жөнүндө чечим чыгарган.

Нурдан Орунтаев ишкерлерди курулуш тармагында иштөө үчүн лицензия алуу жеңилдетилгенин айтып, ортомчулардан аны кымбат сатып албоого чакырды.

Ал 2023-жылы декабрь айында өлкө боюнча 6 миңдей компанияга лицензия берилгенин билдирген.

Кыргызстанда мамлекеттик мекемелердин тиешелүү уруксат документтери жок турак жайларды, ар кандай имараттарды салып алган компаниялар бар. Алардын көбүндө адамдар жашап жатат. Буга байланыштуу аларды мыйзамдаштырууда маселелер жаралган. (BTo)

Дагы караңыз

Мали Украина менен алакасын үзүп жатканын жарыялады Түндүк Кореянын чек ара аскерлери 250 ракеталык система алды Париж-2024: Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова мелдешке чыгатУКМК Ошто маңзат иши боюнча эки милиция кызматкери кармалганын билдирди УКМК "Старый толчок" базары мамлекетке алынганын кабарладыПрокурор Камчы Көлбаевдин апасын 10 жылга абакка кесүүнү сурады"Коопсуз шаар" долбоорунан алты айда 5 млн долларга чукул акча түштү