ӨКМ Ошто сел 44 жаштагы келинди үч кызы менен агызып кеткенин билдирди

Видеодон алынган сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Төлөйкөн айылында эс алуу жайында сел агызып кетип изделип жаткан төрт адам бир үй-бүлө мүчөлөрү экенин билдирди.

Маалыматка ылайык алар 1980-жылы туулган Д. Н. аттуу келин 2005, 2014 жана 2018-жылы туулган кыздары менен болгон.

Буга чейин аталган жайдан 500дөн ашык киши коопсуз жайга чыгарылганы кабарланган.

Кырсыктан улам шаарда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Жекшембиде түштөн кийин жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган.

Социалдык тармакта соодагерлер, жарандар кымгуут-кыйсыпырга түшкөн, товарлар, буюм-тайымдар, машиналар сууга аккан видеолор сүрөттөр тарады.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип жаткан.

Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар. Жолдорду топон суу жууп, көпүрөлөр кыйрады, жергиликтүү тургундар ири зыянга учурады. Селдин чыгымы алдын ала 170 миллион сомдон ашты деп эсептелген.

Дагы караңыз

Озгурда куткаруу иштерине тартылган КАМАЗ тебелеп кеткен жаран каза болду Ош: “Мөл булак” эс алуу жайында сел агызып кеткен төрт адам изделип жататОш шаарында селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяландыОшто селден улам 400дөн ашык адам коопсуз жайга чыгарылдыОрусия: 40 жылдан бери биринчи жолу телеканалдар Олимп оюндарын көрсөтпөйтОшто катуу жаандан Ак-Буура дарыясы ташып, сел борбордук базарды каптадыХарьковдо Орусиянын соккусунан эки адам мерт болуп, 25 киши жараат алдыЖол кырсыктарын азайтып, алдын алуу үчүн дрон колдонуу башталды