Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Харьковдо Орусиянын соккусунан эки адам мерт болуп, 25 киши жараат алды


"Искандер" ракетасы. Архивдик сүрөт.
"Искандер" ракетасы. Архивдик сүрөт.

Орус армиясынын ишембидеги соккусунан Харьков облусундагы Буда айылында кеминде эки адам мерт болуп, дагы 25 киши, алардын арасында эки бала жараат алды.

Облустук прокуратурадан кабарлашкандай, темир жол станциясы “Искандер” ракетасы менен аткыланган. Расмий Москва буга байланыштуу комментарий берген жок.

Орусиячыл аскердик блогерлер, комментаторлор чалгын дрону менен тартылган чабуул деген видеолорду таратышты.

Тасмадан станцияда техника жүктөлүп турган эшелон аткыланганын көрүүгө болот. Окуя болгон жерге куткаруучулар келгенде экинчи жолу сокко урулган.

Натыйжада куткаруу кызматынын райондук бөлүмүнүн башчысы менен бир полициячы мерт болду. Жараат алгандардын ичинен бешөө темир жол кызматкерлери, үчөө куткаруучу.

Согуштун шартында бул маалыматты бейтарап булактардан тастыктоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG