Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Ошто катуу жаандан Ак-Буура дарыясы ташып, сел борбордук базарды каптады


Видеодон алынган сүрөт.
Видеодон алынган сүрөт.

Ош шаарында 14-июлда катуу жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып сел жүрдү. Күбөлөр социалдык тармакка жүктөгөн видеолордон борбордук базарда буюм-тайым, товарлар сууда калганын, эл кыйсыпырга түшүп коопсуз жайга чыгып жатканын, ошондой эле топон сууда машиналар агып баратканын көрүүгө болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык жана анын кесепет-зыяны тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Мунун алдында Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип жаткан.

Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар. Кырсыктын жолдорду топон суу жууп, көпүрөлөр кыйрады, жергиликтүү тургундар ири зыянга учурады. Селдин чыгымы алдын ала 170 миллион сомдон ашты деп эсептелген.

XS
SM
MD
LG