Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:28

Озгурда куткаруу иштерине тартылган КАМАЗ тебелеп кеткен жаран каза болду


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Ош шаардык мэриясы сел кырсыгына байланыштуу соңку маалыматтарды таратты. Ага ылайык, Озгур айылында селден жарандарды куткарууга тартылган КАМАЗ тебелеп кеткен жаран мерт болду.

Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында сел агызып кеткен төрт жаран табыла элек, андан сырткары Араван-Ак-Буура каналы агызып кеткен жети унаанын үчөөнү издөө уланып жатат.

Ош шаарында сел кырсыгынан улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Жекшембиде түштөн кийин жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган.

Социалдык тармакта соодагерлер, жарандар кымгуут-кыйсыпырга түшкөн, товарлар, буюм-тайымдар, машиналар сууга аккан видеолор сүрөттөр тарады.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип жаткан.

Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар. Жолдорду топон суу жууп, көпүрөлөр кыйрады, жергиликтүү тургундар ири зыянга учурады. Селдин чыгымы алдын ала 170 миллион сомдон ашты деп эсептелген.

XS
SM
MD
LG