Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:45

Ошто селден улам 400дөн ашык адам коопсуз жайга чыгарылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 14-июлда түштөн кийин жааган катуу жаандан улам сел жүрүп, Оштогу Төлөйкөн айылынан жана Озгурдагы Бөрүбай-Ата эс алуу жайынан 400дөн ашык адам коопсуз жайга чыгарылганын билдирди. Учурда бул иштер уланып жатканын кабарлады.

Мунун алдында аталган министрлик селдин айынан Ош-Гүлчө-Эркечтам жолунун 51-чакырымынан 9-чакырымына чейинки бөлүгү убактылуу жабылганын кабарлаган. Аймакта турак жайлардын короо-сарайларын жана жертөлөлөрүн сел каптаганын белгилеген.

Катуу жаандан улам Ош шаарында Ак-Буура дарыясы ташып сел жүргөнү белгилүү болгон. Күбөлөр социалдык тармактарга жүктөгөн видеолордон борбордук базарда буюм-тайым, товарлар сууда калганын, эл кыйсыпырга түшүп коопсуз жайга чыгып жатканын, ошондой эле топон сууда машиналар агып баратканын көрүүгө болот.

ӨКМ Ош шаарындагы кырсык жана анын кесепет-зыяны тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип жаткан.

Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар. Жолдорду топон суу жууп, көпүрөлөр кыйрады, жергиликтүү тургундар ири зыянга учурады. Селдин чыгымы алдын ала 170 миллион сомдон ашты деп эсептелген.

XS
SM
MD
LG