Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:36

Ош: “Мөл булак” эс алуу жайында сел агызып кеткен төрт адам изделип жатат


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Ош шаарындагы Төлөйкөн айылында “Мөл булак” эс алуу жайында сел агызып кеткен төрт адамды издөө жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал ошондой эле топон суу жети машинаны агызып кеткенин, алардын төртөө табылганын калганы изделип жатканын кабарлады. Изделип жаткан машиналарда адамдар болгон-болбогонун тактаган жок.

Кырсыктан улам шаарда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Мэрия шаар башчысы сел каптаган борбордук базарда көчмө жыйын өткөргөнүн маалымдады.

"Ош шаарынын мэри, жарандык коргонуунун башчысы Бакытбек Жетигенов тиешелүү муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жеринде көчмө жыйын өтүп, борбордук базарды толук кыдырып чыкты. Базардын аймагын иретке келтирүү боюнча тиешелүү мекемелер иштеп жатат. Мэр сел жүргөн Төлөйкөн айыл өкмөтүнө да барды",- деп жазылган маалыматта.

Жекшембиде түштөн кийин жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган.

Социалдык тармакта соодагерлер, жарандар кымгуут-кыйсыпырга түшкөн, товарлар, буюм-тайымдар, машиналар сууга аккан видеолор сүрөттөр тарады.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип жаткан.

Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар. Жолдорду топон суу жууп, көпүрөлөр кыйрады, жергиликтүү тургундар ири зыянга учурады. Селдин чыгымы алдын ала 170 миллион сомдон ашты деп эсептелген.

XS
SM
MD
LG