Өзбекстанга мыйзамсыз 350 миң доллар чыгарып бараткан чет элдик жаран кармалды

Чек арада кармалган акча. Чек ара кызматы тараткан сүрөт.

3-июлда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстандан Өзбекстанга ири суммадагы акчаны мыйзамсыз чыгаруу фактысы аныкталып, аны алып бараткан адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлады.

Кармалган адам 53 жаштагы Кытайдын жараны экени маалымдалды. Анын жанына алынган каражаттардын суммасы 350 миң АКШ долларын түздү.

Чет элдик жаран акча каражатын Кыргызстандын бажы мыйзамдарына ылайык декларация кылган эмес.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана алынган акча каражаты териштирүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

УКМКнын Чек ара кызматы убактылуу эрежелерге ылайык, чет элдик жарандар 5 миң доллардан ашык каражатты, жергиликтүү жарандар 10 миң доллардан ашык каражатты накталай түрдө Кыргызстандын аймагынан алып чыга албай турганын эскертти.

2022-жылы февралда орус аскерлери Украинага кеңири масштабда кол салган соң АКШ долларды, Европа Бирлигиндеги мамлекеттер еврону Орусиянын аймагына ташып кирүүгө тыюу салган. Мындан улам Орусияда чет элдик валюта тартыш болуп, ал Борбор Азия мамлекеттеринин, анын ичинен Кыргызстандын рыногуна да таасир эткен.

Кыргызстандын Министрлер кабинети 2022-жылы 11-мартта коммерциялык банктарга, акча алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга накталай АКШ долларын өлкө аймагынан тышка алып чыгууга убактылуу тыюу салган. Өкмөт 2023-жылы 16-январда ушундай эле чектөөнү жеке адамдарга да киргизген.

Чечимге ылайык, чет өлкөлүк жарандарга 5 миң доллардан ашык, кыргызстандык жарандарга 10 миң доллардан ашык каражатты алып чыгууга тыюу салынган. Эгер сыртка ташылып бараткан акчанын көлөмү коюлган чектен көп болсо, ашкан суммадан 10% төлөм алынат. (ErN)

Дагы караңыз

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайтБУУ эксперттери Орусия Гершковичти камап, эл аралык мыйзамдарды бузганын белгилештиДагестанда никабга убактылуу тыюу салындыBloomberg Кытай жана Орусия чогуу дрон жасоого киришкенин жазды Жогорку сот активист Зарина Төрөкулованы абакта калтырдыСүттүн баасын жөнгө салуу үчүн тарифтик график киргизилетСербия президенти Орусия менен мамилени «абдан жакшы» деп бааладыАКШ Украинага 2,3 миллиард долларлык жардам бөлөтБишкекте Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 46 миң сом айып салынды